• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда мал чарбасын туруктуу өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программа иштелип чыкты

Коом 0

Бишкек, 05.09.23. /Кабар/. Айыл чарба министрлиги "2024-2028-жылдарга Кыргызстанда мал чарбасын туруктуу өнүктүрүү" мамлекеттик программасынын долбоорун иштеп чыкты.

Ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришкендей, документ коомдук талкууга коюлду.

Мамлекеттик программанын максаты Кыргызстандагы азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн мал чарба тармактарын ыкчам өнүктүрүү, асыл тукум породалардын продуктуулугун жогорулатуу боюнча иш-чаралардын комплексин ишке ашыруу болуп саналат.

Мамлекеттик программанын негизинде аткарылуучу негизги иш чаралар:

- фермерлерди асыл тукум эсебин, асыл тукум карточкаларын, продуктуулугун эсепке алуу, айыл чарба малдарын тоюттандыруу жана бирдиктуу автоматташтырылган системаны жүргүзүүгө окутуу;
- асыл тукум жана таза породалуу мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө ар тараптан колдоо көрсөтүү;
- асыл тукум мал чарбасына заманбап санарип технологияларын киргизүү;
- ар бир айыл аймактарда жасалма уруктандырууну уюштуруу жана уруктандыруу боюнча техниктердин арасында жыл сайын рейтинг өткөрүү;
- КР министрлер кабинетинин асыл тукум малдарынын сапатына баа берүүнүн жана букалардын өздүк продуктуулугун сыноонун эрежелери жөнүндө жобону иштеп чыгуу;
- геномдук диагностика үчүн молекулярдык-генетикалык лабораторияны түзүү;
- республикада породаларды кайра каттоону калыбына келтирүү;
- рекордсмен уйларды аныктоо үчүн, уйларды суткасына саалуучу сүттүн жогорку чегине жеткирүүнү уюштуруу жана стимулдаштыруу.
- облустарда үзгүлтүксүз асыл тукум малдарынын көргөзмөлөрүн уюштуруу.

Мал чарбасы боюнча акыркы иштелип чыккан стратегиялык программа "2011-2015-жылдарга карата Кыргыз Республикасында асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясы" өз мөөнөтүндө бүткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий