• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

УКМК: Экс-депутат жана митингдин активдүү катышуучусу кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 03.03.20. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 2-мартында Бишкекте өткөн митингдин уюштуруучуларынын бири жана активдүү катышуучусу кармалды. Бул тууралуу КР Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 3-мартта УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын алкагында Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Каныбек Осмоналиев жана митингдин активдүү катышуучусу "Д.А", кармалган.

"Кармалгандар КР Кылмыш-жазык кодексинин 39 жана 309-беренелери (Бийликти күч менен басып алууга аракеттенүү) боюнча кылмышка шектүү катары КР УКМК Тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди", - деп айтылат маалыматта.

Тергөө иш-чараларынын жыйынтыгында аталган адамдарга карата жасалган кылмыш тууралуу билдирме берилип, алардын баш коргоо чарасы каралат.

Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери уланууда

Пикир

Оставить комментарий