• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

УКМК: Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз жүрүү кылмыш болуп саналат

Коом 0

Бишкек, 13.08.21. /Кабар/. Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз жүрүү кылмыш болуп саналат, - деп билдирет УКМКнын басма сөз кызматы.

КР УКМК органдары тарабынан улуттук коопсуздукка жана укук тартибине коркунуч туудурган факторлорду жана шарттарды алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн профилактикалык иш-чаралардын жүрүшүндө, каттоо кызматынын системасында жоюла элек коррупциялык схемалар, чет өлкөлүк жарандардын Кыргыз Республикасынын аймагына мыйзамсыз кирүүсүнө, мыйзамдаштырылышына жол берери аныкталган.

Кыска убакыттын ичинде, коңшу мамлекеттердин биринин 55тен ашуун жарандары үй ээлеринин өздөрү билбеген жана ар кандай даректерде убактылуу каттоого алынган. Учурда бул факты боюнча материалдар мыйзам чегинде изилденүүдө.

УКМК Кыргыз Республикасынын жарандарына жана мамлекеттик органдардын кызматкерлерине, мыйзамсыз миграцияны уюштуруу жана чет өлкөлүк жарандарды жасалма каттоо боюнча башка мыйзамсыз аракеттерди жасоо үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралгандыгын эскертет.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында мыйзамсыз болгондор кылмыш жоопкерчилиги каралганын жана мажбурлап депортациялоону карайт.

Улуттук коопсуздукка сырттан келген коркунучтарды эске алуу менен, тийиштүү каттоо кызматтарынын кызматкерлеринин мындай үзгүлтүксүз аракеттери улуттук коопсуздуктун жана укук тартибинин пайдубалын бузуу үчүн шериктеш катары кызмат кылгандыгын, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет муну белгилөөнү зарыл деп эсептейт.

Пикир

Оставить комментарий