• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

УКМК: “Кыргызжылуулукэнерго” ишканасында бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу фактысы аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 20.07.23. /Кабар/. “Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасында бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу фактысы аныкталды, деп билдирет УКМКнын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан мамлекеттик бюджетке зыян келтирген кызматтык кылмыштарды аныктоо жана бөгөт коюуга багытталган ыкчам-издөө иш-чараларын уюштуруунун натыйжасында “Орловка ишканасынын” “Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасына откананы капиталдык оңдоодон өткөрүү үчүн бөлүнгөн бюджеттик каражаттарды жогоруда аталган ишкананын директору Э.К. тарабынан мыйзамсыз пайдалануу фактылары аныкталды.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, жеке материалдык баюу максатында аталган ишкананын директору “Э.Т.” ЖЧК менен откананы жалпы суммасы 4 млн 900 миң сом болгон оңдоо иштери боюнча жасалма келишим түзгөндүгү аныкталды. Ошол эле учурда кылмыш иши боюнча иликтөөнүн алкагында аткарылган иштердин актыларында көрсөтүлгөн оңдоп-түзөө иштери “Э.Т.” ЖЧКсы тарабынан жасалбаганы тууралуу маалыматтар алынган, ал эми каражаттар мыйзамсыз эсептен чыгарылып, мамлекеттик ишкананын директоруна өткөрүлүп берилген.

2023-жылдын 19-июлунда Э.К. кармалып, КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96, 97-беренелерине ылайык КР УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда КР УКМКнын тарабынан сотко чейинки өндүрүштүн алкагында башка кызмат адамдарынын катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча кошумча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий