• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

УКМК: Латвияда Зилалиевдин жубайы менен балдарына карата кылмыш иши козголду

Укук тартиби 0

Бишкек, 07.08.19. /Кабар/. Латвияда мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин жубайы менен балдарына карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

"Мыйзамсыз баюу фактысы боюнча Д. Зилалиевге карата козголгон кылмыш иштин алкагында Латвиянын укук коргоо органдары тарабынан Д. Зилалиевдин жубайына жана балдарына карата Латвиянын Кылмыш-жаза кодексинин 195-беренеси (Акчанын изин жашыруу) боюнча кылмыш иши козголгондугу тууралуу маалым болду", - деп билдирет УКМКнын басма сөз кызматы.

УКМКдан белгилешкендей, бул кылмыш иши Латвиянын Каржылык чалгындоо кызматынан алынган маалыматтардын негизинде козголгон.

"Рига шаарындагы Интерполдун Улуттук борбордук бюросунун маалыматына ылайык, Д. Зилалиевдин жубайы Латвиянын ири банктарынын биринде өзүнүн балдары үчүн банктык эсеп ачкан. Бул депозиттик эсептер Жамиля, Бектур жана Алима Зилалиевдердин наамына катталган", - деп айтылат маалыматта.

Кийин аталган банк эсептери аркылуу бир нече жолу ири өлчөмдөгү акча которуулар болгон.

Буга байланыштуу, Рига шаарындагы Интерполдун Улуттук борбордук бюросу Д. Зилалиев жанан анын жубайы тууралуу маалымат алуу үчүн кайрылган.

Белгилей кетсек, Башкы прокуратурасы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 308-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-п. (Жооптуу абалды ээлеген кызмат адамынын мыйзамсыз баюусу) боюнча кылмыш-иши козголуп, тергөө иштери УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгына тапшырылган.

Азыркы убакта аталган кылмыш ишти тергөө иштери аяктап, сотко жиберилген.

Пикир

Оставить комментарий