• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

УКМК: Мародерлук боюнча ЖКнын мурдагы депутаты Райкан Төлөгөнов кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 29-март /Кабар/. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Райкан Төлөгөновду мародерлук фактысы боюнча кылмыш ишинин алкагында камакка алды. Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

Белгиленгендей, 2017-жылы 16-марттан тартып УКМКнын Тергөө башкармалыгы Кылмыш кодексинин 168 (“Каракчылык”), 172 (“Мыйзамсыз түрдө унаа каражатына ээ болуу”), 208 (“Баалуу металлдарды, баалуу таштарды мыйзамсыз айлантуу”) жана 245-беренелеринде (“Ок атуучу куралды, ок дарыларды, жардыруучу заттарды уурдоо же тоноп алуу”) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча, тактап айтканда, 2010-жылдагы апрель окуялары учурунда башка бирөөнүн мүлкүн мыйзамсыз тартып алуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишине тергөө жүргүзүп жатат.

Кылмыш ишинин алкагында өткөрүлгөн активдүү тергөө жана ыкчам-издөө чараларынын жыйынтыгында 2010-жылы 7-10-апрелде Бишкек шаарында болгон Бакиевдин үй-бүлөсүнө жана жакындарына таандык кеңселерин жана турак-жайларын тоноо “Ата Мекен” партиясынан Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Райкан Төлөгөновдун түздөн-түз жетекчилигинде адамдардын тобу менен жасалгандыгы аныкталды.

Тергөө бир катар күбөлөрдүн, анын ичинде бул кылмыштарга катышкандардын көрсөтмөлөрүн алган.

2017-жылы 28-мартта Райкан Төлөгөновго "талап-тоноо уюштуруу", "атайылап мүлктү жок кылуу жана зыян келтирүү", "куралдарды, жардыргыч заттарды мыйзамсыз алуу, сактоо" беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, Биринчи май райондук сотунун чечими менен тергөө бүткүчө УКМКнын тергөө абагына камакка алынган.

Учурда бул кылмыш иши боюнча тиешелүү тергөө чаралары жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий