• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ошто бажычылар суммасы 800 миң сомдон ашык контрабандалык товарды кармады

Укук тартиби 0

Бишкек, 16.02.22. /Кабар/. Ошто бажычылар суммасы 800 миң сомдон ашык контрабандалык товарды кармады. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Түштүк-Батыш бажысынын кызматкерлери тарабынан Ош шаарында “KLAESER” үлгүсүндөгү чиркегичи менен «Scania» үлгүсүндөгү унаа токтотулуп текшерилген.

Унаанын жүк салгыч бөлүгүн текшерген учурунда жалпы салмагы 21 миң 810 кг түзгөн, декларацияланбаган пекин капустасы табылган. «Эксперт-Оценка» ЖЧКсынын корутундусуна ылайык, товардын болжолдуу жалпы орточо рыноктук баасы 872 миң 400 сомду түзөт.

Аталган факт Түштүк-Батыш бажысынын АДС МКЖге катталып, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кароо жана чечим чыгаруу үчүн Ош облусунун прокуратурасына өткөрүлүп берилди

Пикир

Оставить комментарий