• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Талас облусунун жергиликтүү кеңешинин депутаты кармалды. Ал 4,2 млн сом опузалоого шектелүүдө

Укук тартиби 0


Бишкек, 26.12.23. /Кабар/. Талас облусунун Бекмолдо а/а жергиликтүү кеңешинин депутаты Ч.Т.Ж. кармалды. Ал 4 миллион 200 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын опузалоого шектелүүдө. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен (УКМК) билдиришти.

Атайын кызматтын билдирүүсүнө караганда, шектүү 25-декабрда Бишкек шаарынын аймагында 1 миллион сом өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан жеринен кармалды.

Ушул жылдын декабрынын башында Ч.Т.Ж. ар кандай коркутуулар менен Талас районунун Бекмолдо айылына түтүктөрдү төшөө үчүн утуп алган 67 млн сом өлчөмүндөгү тендердин жалпы суммасынын 6% өлчөмүндө компенсация катары бересин деп жеке ишкананын директорунан 4 миллион 200 миң сом өлчөмүндө акча каражатын талап кыла баштаган.

Болбосо, жогоруда аты аталган депутат ден соолугуна зыян келтирем деп коркутуп, курулуш иштерин жүргүзүүдө ар кандай тоскоолдуктарды уюштурууну убадалаган.

Тиешелүү иш-чаралардын жыйынтыгы менен кармалган адам КР УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди.

Учурда жогорудагы мыйзам бузууларга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий