• 88.68
  • 95
  • 0.95

УКМК Баткенде "Йакын-Инкар" экстремисттик уюмунун мүчөлөрүнүн үйлөрүнө тинтүү жүргүздү

Укук тартиби 0

Бишкек, 29.01.24. /Кабар/. Баткен жана Кызыл-Кыя шаарлары, Баткен жана Кадамжай райондорундагы "Йакын-Инкар" диний-экстремисттик кыймылынын мүчөлөрүнүн үйлөрүнө тинтүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, тинтүү КР Кылмыш-жаза кодексинин 331-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-бөлүмүнө ылайык, "экстремисттик ишти жүзөгө ашыргандыгына байланыштуу сот тарабынан аны жоюу же анын ишине тыюу салуу жөнүндө чечим кабыл алынган экстремисттик уюмдун ишин уюштуруу, ошого тете жарандарды анын ишине азгыруу, өндүрүүтартуу" боюнча кылмыш иштин алкагында жүргүзүлдү.

Белгилей кетсек, бул мыйзамсыз аракеттер коопсуздук органынын мурда жарыяланган расмий эскертүүлөрүнө карабай жасалган.

Алардын жашаган жеринде жүргүзүлгөн тинтүү иштеринин натыйжасында, чоң көлөмдөгү диний адабияттар (китептер - 120 даана, брошюралар - 160 даана, баракчалар - 50 даана, дептерлер - 20 даана, уюлдук телефондор - 15 даана) табылып алынды, алар теологиялык экспертизага жөнөтүлөт.

"Йакын-Инкар" диний-экстремисттик кыймылынын 14 мүчөсү УКМКга жеткирилди, экстремисттик топтун лидери аталган 1983-жылы туулган И.З.А. Баткен РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда бул аймактагы кошумча кылмыштуу байланыштарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий