• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда сасык тумоо жана коронавирус боюнча эпидкырдаал туруктуу

Ден соолук 0

Бишкек, 29.01.24. /Кабар/. Кыргызстанда курч респиратордук вирустук инфекция (КРВИ), сасык тумоо жана коронавирус боюнча эпидемиологиялык кырдаал туруктуу. Бул тууралуу Мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен билдиришти.

Ыкчам маалыматка ылайык, 2024-жылдын 4-жумасында (22.01-28.01.2024-ж.) республика боюнча КРВИ жана сасык тумоонун 8089 учуру катталды. Ооругандардын ичинен 68,6%ын 14 жашка чейинки балдар түзөт.

Октябрдан тарта 1 миң 548 бейтаптан анализ алынды, лабораториялык изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча эпидсезон сасык тумоонун А/Н3N2 түрү менен негизделет.

Мындан сырткары, курч респиратордук вирустук инфекциялардын циркуляциясы да байкалууда, алардын ичинен көбүрөөк риновирус 33,5%, респиратордук-синтициалдык вирус 26,6%, парагрипп 18,8% жана башка вирустар 21,1% түзөт.

Оорунун жогорку көрсөткүчү Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда катталды, 262,7; 170,1 жана 194,0 түздү.

Республика боюнча КРВИ, сасык тумоо жана COVID-19дун эпидемиологиялык кырдаалына мониторинг жүргүзүү уланууда. Мониторингдин жыйынтыгы боюнча ар жума сайын 2ден 6 учурга чейин катталып, эпидкырдаал туруктуу деп бааланууда. Бир жумада 5 учур катталды.

Бардык саламаттык сактоо уюмдарында карантин жана бет кап тагынуу режими киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий