• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте кафеден тамактанып уулангандардын саны 85 адамга жетти

Ден соолук 0

Бишкек, 25.10.21. /Кабар/. 25-октябрда таңкы саат 7:30да Темир жол ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнө тамак-аштан ууланып дарыгерлерге кайрылгандардын жалпы саны 85 адамды түздү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, учурда бир бейтап стационардык дарыланууда, абалы туруктуу. Калгандарына алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин амбулатордук дарылоого жөнөтүлгөн.

Эпидемиологиялык иликтөө иштеринин жүрүшүндө жабыркагандар шаардын ар кайсы пунктарында жайгашкан кафелердин биринде тамак жешкени аныкталган.

Санэпидкөзөмөл борборунун адистери тарабынан эпидемиологиялык иликтөө уланууда.

Пикир

Оставить комментарий