• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

УКМК: Ведомствону каралоого аракеттенген жаран эл аралык террористтик уюмдун мүчөсү болгон

Укук тартиби 0

Бишкек, 23.10.21. /Кабар/. УКМК бир катар маалымат каражаттарына Ж.к.А. аттуу КР жаранынын улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттери тууралуу кайрылуусу жарыялангандыгына байланыштуу билдирүү таратты.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдиргендей, үстүбүздөгү жылдын 15-октябрында Ж.к.А. аттуу жарандын Талас шаарындагы жашаган дареги боюнча ыкчам-тергөө аракеттери сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жана соттун чечиминин негизинде видеого тартуу менен жүргүзүлгөн.

“ИИМ Атайын ыкчам тобуну иликтөө иш-чараларынын коопсуздугун камсыздоо максатында жана издөөдө жүргөн жана бир нече жолу соттолгон КР жараны Р.С. Ж.к.А. менен чогуу жашайт деген шек бар үчүн, ал ошондой эле курал-жарактарды, жардыргыч заттарды мыйзамсыз жүгүртүү жана эл аралык террористтик уюмдарга (ЭТУ) көмөк көрсөтүү боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында айыпталуучу болгондуктан катышкан”, - деп айтылат маалыматта.

Ж.к.А. 2014-2016-жылдар аралыгында Сириядагы “ИМ” деп аталган ЭТУ мүчөсү болгон. Талас шаардык соттун чечими менен 3 жылга эркинен ажыратылып, Юстиция министрлигинин алдындагы пробацияда жүргөн.

Ж.к.А. эжеси Ж.к.Б. жүргүзүлүп жаткан ыкчам-тергөө иш-чараларына эч кандай тиешеси жок. Бирок, анын күйөөсү “Х.Н.” чет мамлекеттин жараны, Сирияда террористтик уюмдардын катарында жүргөн, 2019-жылы КР УКМК тарабынан кармалып, 8 жылга эркинен ажыратылган.

КР УКМК органдарындагы материалдар Ж.к.А. Сириядан кайтып келгенден кийин оң жолго түшпөгөнүн, экстремизм жана терроризм менен чектешкен деструктивдүү иш-аракеттерди улантып жаткандыгын күбөлөндүрөт.

Ж.к.А. КР УКМК органдарын каралоо аракети боюнча тиешелүү юридикалык баа берилет.

Пикир

Оставить комментарий