• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

УКМК: Нариман айыл өкмөтүнүн юристи, депутат жана ассоциациянын жетекчиси кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 04.03.22. /Кабар/. Нариман айыл өкмөтүнүн юристи, Нариман жергиликтүү кеңешинин депутаты жана суу пайдалануучулар ассоциациясынын жетекчиси кармалды. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан Ош облусунун Кара-Суу районунун Нариман айыл аймагынын Нариман айыл өкмөтүнүн жер тилкелерин мыйзамсыз сатуу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жыйынтыгы боюнча Нариман айыл өкмөтүнүн юристи А.А., Нариман жергиликтүү кеңешинин депутаты П.З., жана Суу пайдалануучулар ассоциациясынын жетекчиси Н.Р., кармалды.

Кармалган жарандар туруктуу коррупциялык схеманы түзүп, мыйзамсыз документтештирүү жолу менен айыл чарба багытындагы жерлерди мыйзамсыз сатууну уюштурушканы аныкталды.

Азыркы учурда кармалгандар КР УКМК тергөө камак жайына жайгаштырылып, тиешелүү тергөө иш-чаралары улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий