• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

УКМК: Опузалап пара талап кылган тергөөчүлөр кармалды — сүрөт, видео

Укук тартиби 0


Бишкек, 15.11.21. /Кабар/. Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүлөрү опузалап пара алуу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу КР Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 13-ноябрында УКМК тарабынан КР Жазык кодексинин 326-беренесинин 1-бөлүгү ("Опузалап пара алуу") боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында, КР ИИМ ички иликтөө кызматы менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, Чүй облусунун ИИББнын Аламүдүн РИББ тергөөчүлөрү опузалап пара алуу фактысы боюнча кармалды.

Тергөөчүлөр КРнын “Н.Д.” аттуу жаранынан алдамчылык фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштү токтотуу үчүн 70 миң сом өлчөмүндө акча талап кылышкан.

2021-жылдын 10-ноябрында тергөөчүлөр Бишкек шаарындагы банктардын биринен “Б.К.Н.” аттуу жарандын банк картасы аркылуу “Н.Д.” өкүлү “А.И.” жарандарынан 70 миң сом алышып, 2021-жылдын 12-ноябрында тергөөчү “Г.М.Ш.” жаран “Н.Д.”га карата алдамчылык фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштү токтотуу жөнүндө токтом чыгарганы аныкталды.

Кармалган Чүй облусунун ИИББнын Аламүдүн РИББ тергөөчүлөрүнүн бири, “Г.М.Ш.” КР Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда тийиштүү тергөө иш-чаралары уланууда.

Пикир

Оставить комментарий