• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

УКМК: Прокурордун жардамчысы пара менен кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 15.08.19. /Кабар/. Чүй облусуна караштуу Токмок шаарынын прокурорунун улук жардамчысы пара менен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) билдирет.

Маалыматка ылайык, 13-августта А.К., аттуу жарандын кайрылуусу боюнча УКМКнын Тергөө башкы башкармалыгы тарабынан КР Кылмыш жаза кодексинин 326-беренеси (пара талап кылуу) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине сотко чейики өндүрүштүн негизинде катталды.

"Токмок шаардык прокурорунун улук жардамчысы жергиликтүү ири өнөр жай ишканасынын кызматкери менен биргеликте А.К.,аттуу жарандан 15 миң АКШ доллар өлчөмүндө пара талап кылган. Анда А.К. аттуу жарандын жолдошу Кытай Эл Республикасынын жараны болуп, аталган ишканада мыйзамдуу эмгектенип жатканына карабастан, КР аймагында кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү мыйзамсыз сатып алган деп коркуткан. Ошондой эле, пара бербеген учурда чет элдик жаранды депортация кылуу максатында тергөө органдарына берүүчү материалдар бар экендигин айткан", - деп айтылат маалыматта.

Күн мурун УКМКнын коррупцияга каршы кызматы тарабынан Чүй облусунун Токмок шаарында К.Т., 3 миң АКШ долларын алып алып жаткан учурда кармалган.

Азыркы убакта тиешелүү тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий