• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

УКМК: Соцтармактар аркылуу коронавирус тууралуу жалган маалымат тараткан жарандар кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 30.03.20. /Кабар/. Жалган маалымат тараткан кезектеги адамдар аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен (УКМК) билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 27-мартында КР УКМК жүргүзгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында Чүй областынын Панфилов районунун тургундары Назарбекова Камила жана Жайчыбекова Жаңыл аныкталды.

Маалыматка ылайык, К.Назарбекова жана Ж.Жайчыбекова соцтармактар аркылуу Кайыңды шаарындагы ооруканада Тажикстандын жаранына коронавирус аныкталды деген жалган маалыматтарды тараткан.

Профилактикалык иш чаралар өткөзүлгөн соң, алар кылган ишинин туура эместигин мойнуна алып, жалган маалымат бергендиги үчүн кечирим сурашты. К.Назарбекованын жана Ж.Жайчыбекованын мындай аракеттерине юридикалык баа берилет.

Эскерте кетсек, коронавирус боюнча республикалык штаб күнү-түнү иштеп, 0 (312) 88 16 84 ишеним телефону боюнча бардык суроолорго жооп берүүгө даяр.

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети ички иштер органдары менен биргеликте коронавирустун таралышы боюнча жалган маалыматтарды, ушактарды, тараткан тараптарды аныктап, табуу, ошондой эле коомдук-саясий жана эпидемиологиялык абалды туруктуу сактоо боюнча тиешелүү иш аракеттерди жүргүзүүнү улантууда.

Эскерте кетсек, жалган маалымат тараткандар мыйзам чегинде жоопко тартылат.

Пикир

Оставить комментарий