• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

УКМК: "Женгонун" кылмыштуу тобунун мүчөлөрү акча опузалоого шектелип кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 07.02.23. /Кабар/. "Женго" каймана аты менен белгилүү болгон Кадыр Досоновдун кылмыштуу тобунун мүчөлөрү акча опузалоого шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басм сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, уюшкан кылмыштуу топтун Э.А.А. жана Ж.С.Т. аттуу мүчөлөрү Ош облусунун тургунуна күч көрсөтүп, зомбулук кылабыз деп коркутуу жолу менен 14 миң 500 АКШ доллары өлчөмүндө акча опузалашкан.

Бул факты боюнча КР УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси ("Опузалап талап кылуу") боюнча кылмыш иши козголгон.

Кармалгандарга Ош шаардык сотунун чечими менен УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыктын тергөө камак жайына камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалган.

УКМК өз компетенциясынын чегинде уюшкан кылмыштуу топторго жана шериктештерине каршы аракеттенүүнү улантууда.

КР УКМК жарандарды уюшкан кылмыштуу топтор тарабынан мыйзам бузуулар болсо, бардык фактылары боюнча кайрылууга жана билдирүүгө чакырат.

Тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий