• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Украина ДСУга Армения, Казакстан, Кыргызстанга карата арызданды

Экономика 0

Бишкек, 23.10.18. /Кабар/. Украина Дүйнөлүк соода уюмуна Армения, Казакстан, Кыргызстанга карата арызданды. Бул жөнүндө россиялык ЖМКлар жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, аталган мамлекеттер украиналык болот түтүктөрдүн айрым түрлөрүнө антидемпингдик бажы төлөм киргизгенине байланыштуу арыз берилген.

"Украина эки мамлекет "ченеминен жогору, жаңылыш жана туура эмес чечим, процедураларга жана жоболорго негизделген" бажы төлөмдөрүн төмөндөтүшү керектигин айтып чыкты. Украина ушундай эле доо менен ДСУга Казакстанга каршы арызданган", - деп айтылат маалыматта.

ДСУнун эрежелерин бузду деп күнөөлөнүп жаткан өлкөлөрдүн жагдайды чечүүгө 60 күнү бар же болбосо Украина ДСУну чечим чыгаруусун сурашы мүмкүн.

Пикир

Оставить комментарий