• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Украинадагы кырдаал. Бишкекте митинг өтүп жатат

Коом 0

Бишкек, 28.02.22. /Кабар/. Бишкекте Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдында митинг өтүп жатат.

Акциянын катышуучулары “Согушка жол жок, биз тынчтык үчүн” деген ураан менен чыгышты.

Митингдин катышуучулары плакаттар менен турушат, акция тынчтык маанайда өтүүдө.

Эске салсак, 21-февралда Россия президенти Владимир Путин Донецк жана Луганск элдик республикаларынын эгемендигин таануу өтүнүчү менен кайрылуусуна жооп кылып, тиешелүү жарлыктарга кол коюп, 24-февралда Украинаны демилитаризациялоо жана денацификациялоо боюнча атайын аскердик операция башталганын жарыялаган.

Пикир

Оставить комментарий