• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ысык-Атада жеңил унаа толугу менен күйүп кетти

Кырсык 0

Бишкек, 28.02.22. /Кабар/. Ысык-Атада жеңил унаа толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Билдирүүдө айтылгандай, бүгүн, 28-февралда түнкү саат 03:47де Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Кеңеш айылында BMW үлгүсүндөгү унаа күйүп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине өрт өчүрүүчүлөр тартылып, өрт саат 04:01де чектөөгө алынып, саат 04:12де толук өчүрүлдү. Өрттүн кесепетинен унаа толук күйүп кеткен.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Жабыркагандар жок.

Пикир

Оставить комментарий