• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Салык кызматы кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт

Коом 0

Бишкек, 28.02.22. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы ведомствонун кадрлар резервин түзүү үчүн ачык конкурс жарыялайт.

Конкурс КР пеезидентинин 2022-жылдын 2-февралындагы № 24 ПЖ Жарлыгы менен бекитилген Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс өткөрүүнүн, аны түзүүнүн жана иштөөсүнүн тартиби жөнүндө жобого ылайык өткөрүлүүдө.

Салык кызматынын кадрлар резерви административдик мамлекеттик кызмат орундарынын башкы, улук жана кенже топтору үчүн түзүлөт жана бир нече блоктордон турат, аларга карата жогорку билимдин профилине, иш стажына, ошондой эле мыйзамдарды билүүгө, тиешелүү чөйрөдө көндүмдөрдүн жана жөндөмдөрдүн болушуна талаптар коюлат.

Атап айтканда, арыздар жогорку экономикалык, юридикалык билими бар талапкерлерден, ал эми ведомствонун адистештирилген бөлүктөрү үчүн – жогорку техникалык (маалыматтык технологиялар), филологиялык же журналисттик билими бар талапкерлерден кабыл алынат.

Салык кызматынын кадрлар резервине кирүү үчүн ачык конкурска катышууну каалаган талапкерлер Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинен негизги жана предметтик мыйзамдарды билүү, ошондой эле талапкердин кесиптик маанилүү инсандык сапаттарын аныктоо үчүн компьютердик тестирлөөдөн өтүшөт.

Тестирлөө этабынан ийгиликтүү өткөндөргө аңгемелешүүгө жол берилет, ал Салык кызматынын конкурстук комиссиясы тарабынан өткөрүлөт.

Кадрлар резервине ачык конкурстук тандоонун жыйынтыгы боюнча киргизилген адамдардын жалпы саны салык органдарынын кызматкерлеринин жалпы штаттык санынын 100 пайызынан ашпоого тийиш.

Документтер 2022-жылдын 9-мартына саат 18.00гө чейин кабыл алынат.

Толук маалымат, анын ичинде ченемдик укуктук актылардын тизмеси, квалификациялык талаптар, керектүү документтер, документтерди кабыл алуу үчүн даректер Салык кызматынын www.sti.gov.kg сайтына (Бош орундар бөлүгүндө) жайгаштырылган.

Пикир

Оставить комментарий