• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абаддын аймагында мамлекеттик тил мыйзамдарынын аткарылышын талкуулаган жыйын өттү

Аймак 0

Бишкек, 28.02.22. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун аймагында мамлекеттик тил мыйзамдарынын аткарылышын талкуулаган жыйын өттү. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, буга чейин президентке караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын кызматкерлери Жалал-Абад облусундагы мамлекеттик мекеме-ишканаларда, жогорку жана атайын орто окуу жайларда иш кагаздардын кыргыз тилинде жүргүзүүнүн абалы, документтерде грамматикалык эрежелеринин сакталышы боюнча жеринде мониторинг жүргүзгөн.

Жыйынтыгы менен мекеме-ишканаларда иш кагаздарынын 90 пайызы мамлекеттик тилде, жогорку жана орто окуу жайларында 60 пайызга жүргүзүлөрү аныкталган. Бирок алардын сабаттууулугун жогорулатуу маселелери бар экени белгиленди.

Иш-чарага президентке караштуу Мамалекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Сыртбай Мусаев, президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов, райондук, шаардык мекеме-ишканалардын башчылары, тиешелүү адистери, жогорку жана орто окуу жайлардын жетекчилери катышты.

Улуттук комиссиянын төрагасы Сыртбай Мусаевдин белгилешинче, иш кагаздарын мамлекеттик тилде сапаттуу жүргүзүү – бүгүнкү күндүн талабы. Ошондой эле мекеме-ишканалардын жетекчилери, тиешелүү адистер айрым көйгөйлөрдү, кыргыз тилин жайылтуу боюнча өз сунуш, пикирлерин айтышты. Төрага жеринде көтөрүлгөн көйгөйлөрдү чечүүгө көмөктөшөрүн билдирди.

Пикир

Оставить комментарий