• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жарандык коргоо кызматынын башчылары окуудан өтүүдө

Коом 0

Бишкек, 25.04.18 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри - Жарандык коргонуунун башчысы тарабынан бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Жарандык коргонуу адистерин даярдоо жана кайра даярдоо борборунун 2018-жылга комплектөө пландын негизинде, облустардын жана Бишкек, Ош шаарларынын Жарандык коргонуу кызматтарынын башчылары менен Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутуму боюнча окуу мерчемделген. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

Атайын пландын негизинде уюштурулган окуу Чүй, Нарын, Ысык-Көл, Талас облустары жана Бишкек шаары үчүн Чуй облусунун Аламудун районунун Ленинское айылындагы КР ӨКМдин Жарандык коргонуу адистерин даярдоо жана кайра даярдоо борборунда, ал эми Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары жана Ош шаары үчүн Ош шаарынын Учар айылындагы КР ӨКМдин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын окуу борборунда 2018-жылдын 24-26-апрель күндөрү окуулар өткөрүлүүдө.

Окутуу бекитилген программага ылайык “Кыргыз Республикасынын Жарандык коргоо мамлекттик системасынын иштөө режимдери, Жарандык коргоо жаатындагы укуктук-ченемдик актылар, ЖК уюштуруу жана жүргузүү, ЖК иш-чаралар пландары, ЖКнун башкаруу органдарын, күчторүн даярдоонун, калкка ЖК тармагында маалымат берүүнүн бирдиктүү системасы жана мындан сырткары авариялык, куткаруу иш-чараларын жана башка кечиктирилгис иштерди жүрүгүзүүнү камсыздоо жумуштары, алгачкы өрт өчүрүүчү шаймандар жана терроризмге каршы иш-чаралар” деген темаларда өткөрүлөт.

Үч күндүк окуунун жүрүшүндө өтүлгөн окуулар боюнча тестирлөө жүргүзүлүп, өз кызматында колдонуу үчүн материалдар берилип, окуунун жыйынтыгында сертификаттар тапшырылат.

Пикир

Оставить комментарий