• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош шаарынын бюджетинин аткарылышы. Эсеп палатасы мыйзам бузууларды аныктады

Коом 0

Бишкек, 28.04.23. /Кабар/. Эсеп палатасы Ош шаарынын 2021-жылдагы бюджетинин аткарылышында 336 млн 834,4 миң сом суммасында каржылык мыйзам бузуу аныкталганын билдирди.

Маалыматка ылайык, каржылык бузуу 2021-жылга бюджеттин түзүлүшүнө жана аткарылышына жургүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыгында белгилүү болгон.

Анын ичинен жалпысынан 41 млн 402,9 миң сомго каржылык мыйзам бузуу аныкталган болсо, бюджеттик резервдер жана жоготуулар 259 млн 168,3 миң сомду түзгөн.

Мындан тышкары, 36 млн 263,2 миң сом сарамжалсыз пайдаланылгандыгы аныкталган.

Пикир

Оставить комментарий