• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

«Укук кербенинин» катышуучулары Чоң-Алай районунун эли менен жолугушту

Аймак 0

Бишкек, 20.10.21. /Кабар/. «Укук кербени» долбоорунун катышуучулары Чоң-Алай районунун эли менен жолугушту. Бул тууралу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, акыйкатчынын орун басары А. Колопов жетекчилик кылган топ 2021-жылдын 19-октябрында Чоң-Алай районунун жарандары менен жолугушту.

Жолугушууда Колопов «Укук кербени» долбоорунун максаты, ошондой эле КР Акыйкатчысынын миссиясы тууралуу кеңири маалымат берди.

Жолугушууда жарандар пенсия, жөлөк пул чегерүү жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын маселелери боюнча суроолорду беришип, мүмкүнчүлүгү чектелген өспүрүмдөрдүн билим алуу укугунун бузулуп жатышы боюнча маалымат беришти.

«Чоң-Алай районунда мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн жатак интернаттары жок. Ошондой эле 13-14 жашка чыкканга чейин мектепке барышпай, үйлөрүндө жүргөн фактылар бар. Бул боюнча райондук билим берүү бөлүмүнө караштуу мектептердеги социалдык педагогдор тиешелүү иштерди жүргүзүшпөйт», - деп айтылат билдирүүдө.

Облустук МСЭКтин кызматкерлери майыптардын тайпасын аныктоо үчүн Чоң-Алай районуна жылына 2 жолу келгендиктен, райондун тургундары ар кварталда келип турса деп суранышты.

Райондо жөлөк пул алуучу аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары 5 947;

Майып балдардын саны 210;

Жарым жетим балдар 479;

Мигранттардын балдары 175.

Пикир

Оставить комментарий