• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Улуттук банк 5% эсептик коюмду сактап калды

Экономика 0


Бишкек, 26.09.17 /Салтанат Абдраева - Кабар/. Кыргызстандын Улуттук банкы эсептик коюмду 5% деңгээлинде сактап калды. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйында КРУБ төрагасынын орун басары Нурбек Жеңиш билдирди.

Анын айтымында Улуттук банк Башкармалыгы мындай чечимди кечээ, 25-сентябрда кабыл алган. Бүгүнтөн тарта чечим күчүнө кирет.

“КРда инфляция Улуттук банк күткөн деңгээлде динамиканы көрсөтүүнү улантууда жана акча-насыя саясатынын максаттуу багытынын 5-7% диапазонундагы төмөнкү чегине жакындоо тенденциясына ээ. 2017-жылдын сентябрында инфляциянын жылдык мааниси 3,2%ды түзүп, августта 3,8%дан төмөндөгөн”, - деди Н.Жеңиш. Ал инфляциянын негизги факторлору катары ички суроо-талаптын акырындап калыбына келиши жана импорттук баалардын динамикасы болуп жатканын белгиледи.

Төраганын орун басары КР экономикасында тышкы жана ички факторлордун жакшыруусу уланып жатканын айтты. 2017-жылдын январь-августунун жыйынтыгы боюнча ИДПнын өсүшү Кумтөр кенин кошпогондо 6% түздү. Экономиканын негизги тармактарында өндүрүштүн өсүшү, акча которууларынын көбөйүшү байкалууда. Таза акча которуулар 2017-жылдын январь-июлунда 28,8% болгон.

Пикир

Оставить комментарий