• 88.68
  • 95
  • 0.95

“Манас” аэропортунда жасалма паспорт менен өзбек жараны кармалды

Коом 0

Бишкек, 26.09.17. /Кабар/. “Манас” аэропортунда жасалма паспорт менен Өзбекстандын жараны кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмү билдирет.

Маалыматка ылайык, 26-сентябрда “Манас-аэропорт” көзөмөл өткөрүү жайынын чек арачылары О.Б., аттуу 1984-жылы туулган Өзбекстандын жаранын жасалма паспорт менен колго түшүрүшкөн.

Казань-Бишкек багыты боюнча №858 каттамынын жүргүнчүлөрүн текшерүү учурунда Өзбекстандын жараны Кыргызстандын жаранына таандык жарым-жартылай жасалма болгон паспортту көрсөткөн.

Тиешелүү иш-кагаздар толтурулгандан кийин кармалган адамдар УКМКнын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий