• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Улуттук банк: Куралдуу кагылышта жабыркагандардын 298 насыясы жоюлду

Экономика 0

Бишкек, 07.12.22. /Кабар/. Кыргызстандын Улуттук банкы Тажикстандын куралдуу кол салуусунан жабыркаган Баткен жана Ош облустарындагы карыз алуучуларга көмөк көрсөтүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалымат берди.

КР УБнын расмий сайтында маалымдалгандай, үстүбүздөгү жылдын 1-декабрына карата аталган облустарда жабыркаган 474 карыз алуучу финансылык-кредиттик уюмдарга кайрылган. Анын ичинен 19 млн 974 миң сом суммасында 298 насыя жоюлган, 38 млн 430 миң сомдук 170 насыя реструктуризацияланган.

“Азыркы учурда финансылык-кредиттик уюмдар бул аймактарда жабыркаган насыя алуучулардын бардык арыздарын кароону улантууда”, - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 14-17-сентябрында Тажикстан куралдуу агрессия көрсөтүп, мурда сүйлөшүлгөн бардык макулдашууларга карабай, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык периметри боюнча, тактап айтканда, Баткен облусундагы жана Ош облусунун Чоң-Алай районундагы чек аралык жана жарандык объекттерге чабуул жасаган.

140 миңге жакын кыргызстандык чек арага жакын калктуу конуштардан эвакуацияланган. Куралдуу кагылышуунун кесепетинен Баткен облусунун аймагында 600дөн ашуун турак жай жабыркаган.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, куралдуу кагылыштан 63 кыргызстандык (аскер кызматкерлери жана жай тургундар) шейит болуп, 198 киши жабыркаган.

Пикир

Оставить комментарий