• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев "Кыргызтесттин" ишмердүүлүгү менен таанышты

Коом 0

Бишкек, 07.03.24. /Кабар/. Президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев "Кыргызтест" мамлекеттик мекемесинин аткарган иштери менен жеринен таанышты.

Улуттук комиссиядан кабарлашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө төрага мекеменин жайгашкан ордун жана тест өтүүчү компьютердик класстардын абалын көрдү.

"Кыргызстест" мекемесинин директору Батма Топоева Ставинская мекеменин жалпы ишмердүүлүгүнө токтолуп, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Конституциялык мыйзамынын 32, 33, 37-беренелеринин жана Кыргыз Республикасында 2021-2025-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү программасынын аткарылышы боюнча маалымат берди.

Улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев "Кыргызтест" системасынын чакан тестин аткаруу аркылуу мазмунун баамдап, мекеменин директору менен мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн келечегин жана багыттарын талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий