• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Улуттук онкология борборунда медициналык маалыматтык системаны киргизүү пландалууда

Ден соолук 0

Бишкек, 07.09.17. / Кабар/. Саламаттыкты сактоо министрлигинде Улуттук онкология борборуна комплекстүү медициналык маалыматтык системаны киргизүү мүмкүнчүлүгү талкууланды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

ССМ Талантбек Батыралиев жана КР маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Нурбек Абасканов аталган демилге боюнча суроону талкуулашты.

Жыйынтыгында тыгыз байланышта болуп, медициналык маалыматтык системаны киргизүү боюнча маселени серепчилердин деңгээлинде иштеп чыгуу чечими кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий