• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Иван Голиков 100 жашка чыкты

Коом 0

Бишкек, 29.09.20 /Кабар/. Октябрь районунун акими Азамат Дороев Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Голиков Иван Николаевичке барып, 100 жылдыгы менен куттуктады. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, учурда Иван карыя борбордун 6-кичирайонунда жашап, көбүнчө убактысын кроссвордорду чечүү жана китеп окуу менен өткөрөт.

Ал түштүк-батышта согушуп, орден жана медалдар менен сыйланган.

Согуштан кийин Магадан облусундагы “Дальстрой” курулуш трестинде иштеген. Андан соң Кыргызстанга көчүп келип, курулуш тармагында пенсияга чыкканга чейин эмгектенген.

Бишкек шаарынын мэриясы Иван Николаевичти чын жүрөктөн туулган күнү менен куттуктайт! Ардагерге чын ден соолук, жакшы маанай жана жакындарынын кучагында болуусун каалайт!

Белгилей кетсек, борбордо Улуу Ата Мекендик согуштун 13 майып ардагери, согуштун 42 катышуучусу, 12 жашы жете элек концлагердин туткуну, Ленинграддын 10 блокадчысы, майдандын 240 эмгекчиси бар, алардын 55и майыптар тобунан жана бирөө эмгек армиячысы (трудоармеец).

Пикир

Оставить комментарий