• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Улуу Жеңишке 78 жыл. Сауд Аравиянын падышасы Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин куттуктады

Президент 0

Бишкек, 06.05.23./Кабар/. Сауд Аравиянын падышасы Салман бин Абдулазиз Аль Сауд президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Улуу Жеңиш күнү менен куттуктады.

"Жеңиш күнүн майрамдоого байланыштуу Сизге чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорумду жана эң жакшы каалоолорду, ал эми бир тууган Кыргызстандын өкмөтүнө жана элине ден соолук жана бакыт-таалай, мындан аркы гүлдөп-өнүгүүнү каалайм", - деп айтылат деп айтылат куттуктоо катында.

Мураскор принц, министрлер кеңешинин төрагасынын орун басары Мухаммад бин Салман бин Абдулазиз Аль Сауд да өз куттуктоосун жолдоду.

Пикир

Оставить комментарий