• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Унаа Чычкан суусуна түшүп, 6 адам жабыркап, экөө дайынсыз болууда – ӨКМ

Кырсык 0

Бишкек, 26.06.18. /Кабар/. Бишкек-Ош унаа жолунун 264-чакырымында жол кырсыгы катталган, - деп билдирет ӨКМдин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, 26-июнда “Хонда Степ” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай калып, унаа жолдон чыгып, Чычкан суусуна түшүп кеткен.

Унаанын ичинде 8 адам болгон, алардын алтоо жабыркап, Токтогул райондук ооруканасына жеткирилген. Ал эми 2 адам дайынсыз болууда. Жеринде издөө иштери уланууда”, - деп билдиришти ӨКМден.

Пикир

Оставить комментарий