• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Унаа жана жолдор министрлигинде 6,8 млн сомдук каржылык бузуу аныкталды

Коом 0

Бишкек, 23.10.17 /Кабар/. Башкы прокуратура Унаа жана жолдор министрлигинде 6,8 млн сомдук каржылык бузууну аныктады.

Маалыматка ылайык, 2017-жылы аталган министрлик “Кыргызаэронавигациянын” эсебине аэронавигация – кирешелүү мамишканалардын бири экенине карабастан, авиадиспетчерлерди жана ишкананын башка негизги категориядагы кызматкерлерин материалдык колдоо фондун жогорулатуу үчүн субсидияларды төлөөгө 6 млн 833 миң сом которгон.

Прокуратурадан Бюджет кодексине ылайык, субсидиялар мамлекеттик экономикалык жана социалдык саясатка ылайык, өндүрүштүк ишмердигинде келтирилген чыгымдарды компенсация кылууга кайтарымсыз негизде юридикалык гана жактарга берилерин эскертишти.

Унаа жана жолдор министрлигине прокурордук жооп кайтаруу актысы киргизилди. Аны кароонун жыйынтыгында мамлекеттин бюджетине “Кыргызаэронавигацияга” негизсиз бөлүнгөн 6 млн 833 миң сом кайтарылган.

Эскерте кетсек, буга чейин аталган министрликте тендерлерди өткөрүүдө бир катар бузуулар аныкталган.

Пикир

Оставить комментарий