• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Вашингтон: Орусия элчигинин алдындагы аянтка Немцовдун ысымы берилди

Дүйнө 0

Бишкек, 07.02.18. /Кабар/. Орусиянын Вашингтондогу элчилигинин алдындагы аянтка маркум саясатчы Борис Немцовдун ысымы берилди. Тиешелүү мыйзам долбоору жактырылып, күчүнө киргендиги тууралуу Борис Немцов фондунун төрагасы кенже Владимир Кара-Мурза билдирди.

Анын айтымында, аянттын расмий ачылуу салтанаты 27-февралда, саясатчы өлтүрүлгөн күнгө карата өтөт.

Январдын башында Вашингтондун шаардык кеңешинин мүчөлөрү аянтка Немцовдун ысымын берүү тууралуу мыйзам долбоорун тездетилген тартипте кабыл алууну бир добуштан колдошкон. Ага чейин документти профилдик комитет жактырган.

Борис Немцовду 2015-жылы 27-февралда Москвада атып кетишкен. Саясатчынын колдоочулары ал өлгөн жерге мемориалдык такта же монумент орнотууга уруксат алууга аракеттенип, бирок Москванын бийлик өкүлдөрү бул демилгени четке кагышкан.

Пикир

Оставить комментарий