• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Велосипедчен адамды сүзгөн Талас облусунун башчысынын кеңешчиси эки айга камакка алынды

Коом 0

Бишкек, 02.08.20./Кабар/. Өкмөттүн Талас облусундагы өкүлүнүн кеңешчиси Марслатбек Шералиев эки айга камакка алынды. Бул тууралуу Жогорку соттон билдиришти.

Эки айга камакка алуу чечимин Талас райондук соту кабыл алган.

Эскерте кетсек, 30-июль күнү болжол менен саат 17:30да Көк-Токой айылында "Toyota 4Runner" унаасынын 53 жаштагы Ш.М. аттуу айдоочусу жол жээгинде бара жаткан велосипедчен адамды сүзүп, андан кийин жол жээгинде турган "Мерседес Бенц" унаасын сүзгөн.

Жыйынтыгында велосипедчен адам ооруканага жеткирилген. 31-августта ал алган жаракаттарынан улам каза болгон.

Пикир

Оставить комментарий