• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Венгрия коронавирус менен күрөшүүгө Кыргызстанга гуманитардык жардам көрсөттү

Коом 0

Бишкек, 15.07.20. /Кабар/. Венгрия коронавирус менен күрөшүүгө Кыргызстанга гуманитардык жардам көрсөттү. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, гуманитардык жардам көрсөтүүнүн алкагында Венгриянын тышкы иштер жана соода министри Петер Сийярто Бишкекке жумушчу сапары менен келген.

"Бүгүн, 15-июлда кечинде КР менен Венгриянын ТИМ башчылары Чыңгыз Айдарбеков жана П.Сийярто жолукту. Министрлердин жолугушуусу учурунда гуманитардык жардам көрсөткөндүгү үчүн Венгрия өкмөтүнө кыргыз тарабынын ыраазычылыгы билдирилди", - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу маселелери, ошондой эле 2020-жылы президент С.Жээнбековдун Венгрияга сапарын уюштуруу жолу менен кыргыз-венгер кызматташтыгын мындан ары кеңейтүү жана тереңдетүү маселелери талкууланды.

Тараптар түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинде (Түрк кеңеши) кызматташуунун алкагында мамилелердин өнүгүүсүнүн позитивдүү динамикасын белгилешти, атап айтканда, 2018-жылы Венгриянын Түрк кеңешинде байкоочу статусун алышы, 2019-жылы Будапешт шаарында Түрк кеңешинин өкүлчүлүгүнүн ачылышы жана бул өкүлчүлүктү кармоо боюнча венгер тарабынын каржылоого даярдыгы белгиленди.

Венгриянын ТИМ башчысы венгер тарабынын жакынкы аралыкта Венгриянын КРдагы толук кандуу элчисин дайындоо ниетин айтты. Венгриянын КРдагы элчилигинин Европа Биримдигинин кээ бир өлкөлөрү үчүн алардын өтүнүчү менен виза маселелерин кароого даярдыгы билдирилди.

Ошондой эле венгер тарабы Австрияда жашаган КР жарандары берип жиберген жардамды дагы алып келди.

Венгриянын тышкы иштер жана соода министри П.Сийяртонун сапарынын жыйынтыгында тараптар эки өлкөнүн Дипломатиялык академияларынын ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюшту.

Пикир

Оставить комментарий