• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жогорку Кеңештин депутаты эркин күрөш боюнча Азия чемпионуна унаа белек кылды

Коом 0

Бишкек, 19.10.22. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаттары Талайбек Масабиров менен Шайлообек Атазов Ш.Сыдыков атындагы Республикалык спорт колледжине барып, окуучулар менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө депутат Шайлообек Атазов эркин күрөш боюнча Азия чемпиону Жумашбек уулу Таирбекке өз атынан авто унаа белек кылып, окуу жайга Жогорку Кеңештин төрагасынын фондунан 50 миң сом акчалай сыйлык тапшырылды.

Мындан тышкары, эл өкүлү Таирбек сыяктуу балдарды, чемпиондорду тарбиялап жаткан мугалимдерге, машыктыруучуларга ыраазычылык каттарды дагы тапшырды.

Иш-чарада ал мындай саамалык жаңы өсүп келе жаткан, өспүрүмдөргө, кыргыз желегин дүйнөлүк аренага чыгарып желбиреткен жаштарга ишеним, мотивация берерин кошумчалап: "Бизди бириктирип, дени сак жашоону тартуулаган - бул спорт. Спорт – ийгиликтин жана ынтымактын башаты жана сергек жашоонун үлгүсү, андыктан дагы да жашасын спорт", - деди ал.

Ал эми депутат Талайбек Масабиров талыкпаган эмгек, таза мээнет, өжөрлүк аруу тилек гана ийгиликке жеткирерин ырастады. "Мен дагы өзүм ушул жерде окуп, билим алдым, спорт жаатында көп ийгиликтерге жетиштим, андыктан ар-бириңерге чексиз ийгилик каалайм", - деди Масабиров. Мындан сырткары, мамлекет башчы Садыр Жапаровдун колдоосу менен заманбап үлгүдөгү спорт комплекси салынып калса, мындан дагы көп деген спортсмендер чыгарын айтты.

Пикир

Оставить комментарий