• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Венгриянын тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министринин Кыргызстанга расмий сапары болуп өттү

Саясат 0

Бишкек, 04.05.22. /Кабар/. Кечээ, 3-майда Венгриянын тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри Петер Сийяртонун Кыргызстанга расмий сапары болуп өттү. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Иш сапардын алкагында ал Кыргызстандын президенти С.Жапаров, КР тышкы иштер министри Ж.Кулубаев, КР экономика жана коммерция министри Д.Амангелдиев менен жолугушту.

Петер Сийяртонун Кыргызстанга иш сапарынын алкагында эки тараптуу саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуу маселелери боюнча кыргыз-венгер стратегиялык кеңешинин 2-жыйыны өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө КР тышкы иштер министри Ж.Кулубаев Петер Сийяртону 2022-жылдын 3-апрелинде Венгрияда өткөн парламенттик шайлоодо башкаруучу «ФИДЕС» партиясынын жеңиши менен куттуктады.

Ошондой эле КР тышкы иштер министри Ж.Кулубаев Петр Сийяртого бул өлкөдөгү азыркы кырдаалды эске алуу менен КР жарандарын Украинадан эвакуациялоо үчүн гуманитардык коридор берүү боюнча ыкчам чечим кабыл алганы үчүн ыраазычылык билдирди.

Тараптар 2022-жылдын 16-апрелинде Кыргызстан менен Венгриянын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнө 30 жыл толгондугун өзгөчө белгилешти. Бул аралыкта тараптар кызматташуунун жемиштүү жолу өтүп, өлкөлөр ортосундагы мамилелер стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине жетти.

Стратегиялык кеңештин жыйынынын күн тартибине ылайык, Кыргызстан менен Венгриянын тышкы иштер министрлери эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты. Тактап айтканда, 2022-жылы өз ара жогорку деңгээлдеги сапарларды уюштуруу жана парламенттер аралык байланыштарды мындан ары чыңдоо маселелери талкууланды.

Тараптар жакын арада Венгриянын «WizzAir» авиакомпаниясы тарабынан Будапешт-Бишкек-Будапешт багыты боюнча түз авиакаттам ачууну макулдашты. Будапешт-Бишкек-Будапешт түз аба каттамдарын ачуу Кыргызстан үчүн инвестициялык жана туристтик потенциалды мындан ары өнүктүрүү жагынан абдан маанилүү.

Венгер-Кыргыз өнүктүрүү фондунун иши, фонддун алкагындагы долбоорлордун ишке ашырылышы талкууланып, инвестициялык долбоорлор ийгиликтүү ишке ашырылып жаткандыктан Фонддун уставдык капиталын 50 миллион АКШ долларына чейин этап-этабы менен жогорулатуу боюнча макулдашууга жетишилди.

Министрлер Экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-венгер өкмөттөр аралык комиссиясынын алкагында биргелешкен ишти талкуулашты, 2021-жылдын 16-ноябрында Будапештте өткөн Комиссиянын 2-жыйынынын жыйынтыгы боюнча макулдашууларды ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгилешти. Кыргыз-венгер ишкерлер кеңешинин ишмердүүлүгүнүн маселелери талкууланды. Венгер тарап быйыл Бишкекте кыргыз-венгер ишкерлер кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрүүгө чакырылган.

Ошондой эле, Стратегиялык кеңештин жыйынынын жүрүшүндө билим берүү тармагындагы мындан аркы кызматташуу маселелери каралды. КР тышкы иштер министри Ж.Кулубаев Петер Сийяртого Stipendium Hungaricum программасынын алкагында Венгриянын жогорку окуу жайларында кыргызстандык студенттердин билим алуу квотасын жыл сайын 200 орунга чейин көбөйтүп жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

КР тышкы иштер министри Ж.Кулубаев ошондой эле П.Сийяртого быйыл Кыргызстанда биринчи кыргыз-венгер ректорлук конференциясын өткөрүүнү сунуштап, Stipendium Hungaricum жана Венгриянын Тышкы иштер министрлигиинин Дипломатиялык академиясы маселелери боюнча мамлекеттик катчысы Оршоля Пачаи-Томашшичти Кыргызстанда кабыл алууга даяр экендигин ырастады.

Жолугушууда Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташтык маселелери талкууланды. Тактап айтканда, тараптар Кыргызстандын Венгрияда жана Венгриянын Кыргызстанда маданият күндөрүн өткөрүү маселесин талкуулашты.

Түрк мамлекеттер уюмунун алкагындагы, ошондой эле Вышеград тобу-Борбордук Азия форматындагы кызматташуу талкуунун өзүнчө темасы болду.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында төмөнкү документтерге кол коюлду:

1. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги менен Венгриянын Тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министрлигинин ортосундагы 2022-2025-жылдарга эки тараптуу кызматташуунун жол картасына.

2. Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Венгриянын Адам ресурстары министрлигинин ортосундагы маданият тармагындагы кызматташуу жөнүндө меморандумга.

Пикир

Оставить комментарий