• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Вице-премьер Боронов: Өлкөдө көмүр даярдоо боюнча абал канааттандырарлык

Коом 0

Бишкек, 24.01.19. /Кабар/. Өлкөдө көмүр даярдоо боюнча абал канааттандырарлык. Бул тууралуу экономика чөйрөлөрүнүн жана Кыргызстандын калкынын кыш мезгилин өтүү тууралуу жыйындын жүрүшүндө биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов кабарлады.

Анын айтуусунда, 2018-жылдын 17-январына өлкө боюнча көмүр камдоо планы бюджеттик колдонуучулар үчүн 91,53% жана калк үчүн 102,12% аткарылган.

"Жалпысынан республика боюнча 840 отун базалары жана жылып жүрүүчү көмүр сатуу пунктары ачылган: республиканын түндүгүндө – 388, түштүгүндө – 440. Бул былтыркы жылга караганда 184 көп", - деп билдирди Боронов.

Биринчи вице-премьер кыш бүткөнчө 2 ай калды. Энергетика мекемелеринин жетекчилери калка ошол эле темпте электроэнергия жана жылуулукту үзгүлтүксүз берүүсү керек, деп баса белгиледи.

Боронов мамлекеттик администрация, шаар мэрлерине жана ошондой эле мекемелердин жетекчилерине кыш мезгилин жакшы өткөрү боюнча күн сайын көзөмөл жүргүзүүнү тапшырды.

Андан тышкары Боронов, жыл жыйынтыгы жана кыш мезгилин өткөрүү боюнча өкмөттүн ишине баа берилээрин баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий