• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Вице-премьер-министр: 191 мектеп авариялык абалда, 380 мектеп толук оңдоодон өтүшү керек

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 14.11.18 /Кабар/. Өлкө боюнча 191 мектеп авариялык абалда болсо, 380 мектеп толук оңдоодон өтүшү керек. Бул тууралуу вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Жогорку Кеңештеги “өкмөттүк саат” учурунда билдирди.

Анын айтымында, өлкөбүздүн 158 мектебинде балдар 3 нөөмөт менен окуп жатышат. 191 мектеп жана 2 бала бакча авариялык абалда турса, 380 мектепти толук оңдоп түзөө керек. Ал эми, өлкө боюнча мектептерде жалпы 1 млн. 200 миң бала билим алат.

Өкмөт өкүлдөрүнө суроо берип жаткан депутат Алмазбек Эргешoв мектептерге окуучулар батпай жатканын жана бала балчанын аздыгын айтып өттү.

“Өкмөт бул маселени кантип чечкени турат?”, - деп суроо салды эл өкүлү.

А.Өмүрбекова бул маселени мамлекет-жеке жак өнөктөштүгүнүн негизинде чечүү зарылдыгын белгиледи.

Ал эми депутат Ирина Карамушкина мектептердеги медициналык пунктарды жоюу туура эмес болгонун, аларды калыбына келтирүү керектигин айтып чыкты.

Ага жооп кылган вице-премьер-министр билим берүү мекемелеринде медициналык пунктарды калыбына келтирүү боюнча аракеттер көрүлүп жатканын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий