• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте диабетке каршы ири марш өттү

Ден соолук 0

Бишкек, 14.11.18. /Кабар/. Бишкектеги эмен багында бүгүн медициналык кызматкерлердин жана жарандык сектордун катышуусу менен кант диабетине каршы ири марш өттү. Аталган иш-чара бүткүл дүйнөлүк кант диабетине каршы күрөшүү күнүнө арналган.

Акциянын максаты – калктын кант диабети дартына көңүл буруу. Бул жылы аталган акция “Кант диабети баардык үй-бүлөгө тийиштүү” ураанынын астында өттү.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына ылайык, дүйнө жүзүндө 422 млн. адам кант диабети менен ооруйт.

“Бардык учурларда кант диабетинин алдын алып, жашоо сапатын жогорулатуу керек. 2030-жылы диабет дүйнөдөгү өлүмгө алып келген оорулардын тизмесинде 7-орунду ээлеп калат. Ошол себептен мамлекеттин жана коомдук уюмдардын күчүн бириктирип, өлкөдө дени сак жашоону жайылтуу керек”, - деп билдирет Саламаттык сактоо министрлиги.

Пикир

Оставить комментарий