• 84.75
  • 102.96
  • 1.14

Вице-премьер Сурабалдиева өлкөдө педофилдердин маалыматтары менен карта түзүүнү сунуштады

Өкмөт 0

Бишкек, 04.01.21. /Кабар/. Кыргызстандын вице-премьер-министри Элвира Сурабалдиева өлкөдө бачабаздардын (педофил) маалыматтары менен карта түзүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал өзүнүн Facebook`тагы баракчасына жазган.

Анын айтымында, мектептен баштап элементардуу нерселерди - балдар-кыздарга чоочундарды ээрчибегиле, машинасына отурбагыла, такыр сүйлөшпөгүлө, алданбагыла дегенди да үйрөтүү керек.

“Бачабаздардын ким экенин чоңдору да билбеген учурлар бар. Интернеттеги порнографияга өспүрүмдөр үчүн чектөө болушу зарыл”, - дейт ал.

Сурабалдиева 13-жаштагы кызды бир нече эркек зордуктаганы далилденгенде, айылдаштары, тескерисинче, ал кыздын өзүн, ата-энесин күнөөлүү кылып салган учурду мисал келтирди.

Буга байланыштуу Сурабалдиева Кыргызстанда Казакстандагыдай педофилдердин картасын түзүп, алар тууралуу маалыматтарды ачыкка чыгаруу туура деп эсептейт.

Пикир

Оставить комментарий