• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Владимир Путин 15-октябрда Кыргызстанга келет – Песков

Саясат 0

Бишкек, 26.09.23. /Кабар/. Россия Федерациясынын президентинин басма сз катчысы Дмитрий Песков россиялык лидер Владимир Путин Кыргызстанга келерин ырастады, анда Беларусь президенти Александр Лукашенко менен жолугушуу өткөрөт, деп маалымдайт РИА Новости.

Буга чейин беларусь президенти Александр Лукашенко дүйшөмбүдө президент Путин менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн билдирген. 15-октябрда ал Кыргызстанда путин менен жолугушууну пландоодо.

"Биз президент чындап эле ушундай сапарды пландаштырып жатканын жана ал жерде жолугушуу пландалып жатканын ырастайбыз", - деди Песков.

Анын айтымында, эки өлкөнүн башчылары телефон аркылуу дагы сүйлөшүшкөн. "Биз Путин менен Лукашенко телефон аркылуу көп сүйлөшөрүн, бирок бул боюнча дайыма эле маалымдай бербейбиз, президенттер кучурдагы актуалдуу маселелер боюнча байланынышат. Өзүңүздөр көрүп тургандай күн тартиби тынбай көбүрөөк өнүгүп жатат, ошондуктан мындай байланыштардын күн тартиби ар дайым болуп турат", - деп жыйынтыктады Песков.

Пикир

Оставить комментарий