• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Казакстандын премьер-министри иш сапары менен Кыргызстанга келди

Саясат 0

Бишкек, 09.04.24. /Кабар/. Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов Кыргызстанга жумуш сапары менен келди.

Олжас Бектеновду “Манас” эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев тосуп алды.

Сапардын алкагында министрлер кабинетинин төрагасы – президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров менен Олжас Бектеновдун ортосунда сүйлөшүүлөр жүргүзүлөөрү пландалууда.

Анда тараптар эки тараптуу кыргыз-казак кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулап, мурда жетишилген жогорку деңгээлдеги макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшү боюнча пикир алмашат.

Пикир

Оставить комментарий