• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Владимир Путин Садыр Жапаровго кооздолгон кылыч белек кылды

Президент 0

Бишкек, 28.02.21. /Кабар/. Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго кооздолгон кылыч белек кылды. Бул тууралуу Жапаровдун телеграмдагы баракчасында маалымдалат.

«Владимир Владимирович Путин дагы Садыр Нургожоевичке баалуу металлдар менен кооздолгон кылыч белек кылганы кызык болду. Президенттик протокол кызматы белектерди дайыма кылдаттык менен ойлонуп, аны ар бир персона үчүн тандап эрте эле камдашат. Эки өлкө президенттеринин бири-бирине курал бериши чоң жана тарыхый мааниге ээ», - деп айтылат билдирүүдө.

Эске сала кетсек, буга чейин Садыр Жапаров «Российская газетага» берген көлөмдүү маегинде Россиянын лидери Владимир Путинге кылыч белек кылгандыгын айткан.

Садыр Жапаров үстүбүздөгү жылдын 24-25-февраль күндөрү Россияга биринчи чет элдик иш сапары менен барып келген.

Пикир

Оставить комментарий