• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ысык-Атада мечиттен өрт чыкты

Кырсык 0

Бишкек, 01.05.21. /Кабар/. Ысык-Атада мечиттен өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Кеңеш айылында жайгашкан мечитте өрт чыккан. Өрттү өчүрүүгө саат 06:59да бир бөлүм, саат 07:15те 2 бөлүм тартылган. Өрт саат 08:35те чектөөгө алынды. Азыркы учурда 3 бөлүм иш алып барууда, өрттөн жабыркагандар жок.

Өрт кырсыгы электр зымдарынын кыска чанылуусунан келип чыккандыгы болжолдонууда. Жеринде Ысык-Ата райондук ӨКБнин башчысы Бакыт Молдоисаев башында турган ыкчам топ иш алып барууда.

Кошумча маалымат берилет.

Пикир

Оставить комментарий