• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Кыргызстандык 19 жаштагы футболчу Ааламбек Абылкасымов жол кырсыгынан каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 18.09.23. /Кабар/. Кыргызстандын 16 жашка чейинки жаштар курамасынын, "Илбирс" жана "Абдыш-Ата" футболдук клубдарынын экс-чабуулчусу 19 жаштагы Ааламбек Абылкасымов мезгилсиз дүйнө салды.

Кыргыз футбол союзунан билдиришкендей, ал каргашалуу жол кырсыгынан каза болду.

Белгиленгендей, Ааламбек Абылкасымов 2019-жылы U-16 Азия Кубогунун тандоо оюндарында Ливандын курама командасынын дарбазасына 41-мүнөттө алмаштыруу менен чыгып, 2 гол киргизип, 0:2 эсебинде улуттук курама команданын жеңишин камсыздаган эле.

Футболчу "Илбирстин" курамында 2021-жылдын 16-мартында Премьер-Лигада дебют жасаган. Жалпысынан ал 12 оюн өткөрүп, 2 гол киргизип, 1 пас берген. 2023-жылы "Абдыш-Ата-2" клубунда ойноп жүргөн.

Пикир

Оставить комментарий