• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда сутка ичинде 8 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 28.04.23./Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде 8 өрт кырсыгы катталды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Бишкек шаарында 1, Чүй облусунда 3, Жалал-Абад облусунда 2, Ысык-Көл облусунда 1, Ош облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.

Ош облусунун Ноокат районундагы Үй-Бай айылында жыгач устундуу шифер менен жабылган сарайдын 140 чарчы метр чатыры жана 270 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Ала-Бука айылында жыгач устундуу шифер менен жабылган турак үйдүн жалпы 105 чарчы метр чатыры, ички бөлмөлөрү, тиричилик буюмдары жана 102 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында жыгач устундуу шифер менен жабылган турак үйдүн жалпы 80 чарчы метр чатыры, ички бөлмөсү жана тиричилик буюмдары күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Чүй облусундагы Кант шаарында жыгач устундуу шифер менен жабылган турак үйдүн 24 чарчы метр чатыры, 1 бөлмөсү, үй буюмдары, “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү унаа жана жанаша жайгашкан турак үйдүн 3 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий