• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Базар-Коргондо турак үй толугу менен күйүп, бир адам жабыркаган

Кырсык 0

Бишкек, 18.04.22. /Кабар/. Жалал-Абаддын Базар-Коргон районунун Чарбак айылында аянты 154 чарчы метр болгон турак үй толугу менен күйгөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Өрттүн кесепетинен 45 жаштагы Б.Д. аттуу эркек киши жабыркаган. “Ал тез жардам кызматына өткөрүп берилген. Өрттүн себеби такталууда”, - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, сутка ичинде республиканын аймагында 10 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 11 бөлүм тартылган.

Пикир

Оставить комментарий